# Мады айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 12/1 “Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына түз берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Мады айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 12/1 “Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына түз берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/1
- Дата принятия: 12.12.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038204>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49556/edition/44518/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мады айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 12/1 “Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына түз берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук жөнүндө” токтому (ред. от 12.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038204

---

Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы ТОКТОМУ

2025-жылдын 12-декабры, №12/1

“Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына түз берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук жөнүндө”

Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2025-жылдын 31-июлундагы №183 мыйзамынын редакциясына ылайык) 5 главанын 18- статья, 21-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик жана ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндө типтүү жобонун негизинде (2023-жылдын 25-апрелиндеги 223 токтомунун редакциясына ылайык) Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасындагы өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына убактылуу пайдаланууга түз берүү жөнүндөгү тузүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновдун билдирүүсүн Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүкбагыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына убактылуу пайдаланууга түз берүү жөнүндө келишимин бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Аткарымдуу башкаруу укугунда муниципалдык жерди берүү жана пайдалануу эрежеси токтомго тиркелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.С.Темирбаев
