# Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 09-декабрындагы №8/2 Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө токтому.

- Полное наименование: Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 09-декабрындагы №8/2 Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8/2
- Дата принятия: 09.12.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038109>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49496/edition/44424/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 09-декабрындагы №8/2 Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө токтому. (ред. от 09.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038109

---

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

2025-жылдын 09-декабры №8/1

Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибиндеги 2-маселени кароонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ №62 жарлыгына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын” “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, 2025-жылдын 4-декабрындагы №8 протоколун негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, токтом кылат:

1.Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу максатында “Байдамтал” ЖЧКсынын директору А. Мирзаматовдун арызы канаттандырылсын.

2. Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылынын №60,62,63,89,90,93 контурунан 5,7 га чакан ГЭС куруу максатында ЖЧК “Байдамтал” коомуна мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

3. Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылынын №60,62,63,89,90,93 контурдун ичинде жайгашкан дарыя жээгине чакан ГЭС курууга тийиштүү зарыл болгон документтерди даярдап берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө сунушталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага Абсатар уулу М
