Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын” алкагында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы жөнүндө токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 17-декабры № 42
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын” алкагында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын” (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №313 токтомунун редакциясына ылайык) калктуу конуштарды башкы пландар менен камсыз кылуу максатында Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы берилген сунуштар, өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кабыл алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Курбан-Кара, Султан-Абад, Кескен-Жар айылдарынын башкы планы боюнча берилген сунуштар, өзгөртүүлөр, толуктоолорду кызыкдар тараптар менен бирге башкы планга киргизүү менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.
Төрага
А.Осмоналаиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 17 августа 2017 года № 490 "Об утверждении Программы Правительства Кыргызской Республики по разработке генеральных планов населенных пунктов…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · Утратил силу
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.