# Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы №32-05 Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы №32-05 Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 32-06
- Дата принятия: 29.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037901>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49366/edition/44131/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы №32-05 Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтому (ред. от 29.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037901

---

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы

2024-жылдын 29-майы №32-06 Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктунун жана Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши айыл жашоочуларынын арызын карап жана талкуулап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Орто мойнок” көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канаатандырылсын.

2. “Орто мойнок” көчөсүн “Бакиров Карим” атындагы көчө деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3. Көчөнүн атын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы А.Сейдалиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Маданият, жаштар иштери жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Ашимов
