Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Бел айылдык кеңешинин Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме- ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2024-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө токтому
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2024-жылдын 29-январы №27-03 Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме- ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2024-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын №34-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126-Токтомуна ылайык, Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме- ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2024-жылга электр энергиясынын лимити 345,1 кВт/с өлчөмүндө бекитилсин. Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна керектөөчү электр энергиясын бекитилген лимитттен ашырбоо жагы айыл өкмөттүн жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилилерине милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин жүктөлсүн.
Төрага
А.Ашимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.