# Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26-03
- Дата принятия: 12.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037878>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49343/edition/44108/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 12.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037878

---

КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы

2024-жылдын 12-январы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жыл №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна таянып, “Сателлит” ачык акционердик коомунун арызын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл аймагы аркылуу 6км аралыкка жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү иш кагаздарды даярдоо айыл өкмөттүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Ашимов
