# Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-02 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында чакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-02 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында чакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26-02
- Дата принятия: 12.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037877>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49342/edition/44107/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-02 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында чакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө токтому (ред. от 12.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037877

---

КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 26-сессиясы

2024-жылдын 12-январы №26-02 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында чакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Чакан гидро-электро станцияларды куруу укугу жөнүндөгү” мыйзамынын № 19-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175-токтомуна таянып, Көк-Бел айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл аймагынын “Байдамтал” участкасынын № 401, 403, 412, 413, 416, 59, 407, 408 контурларында жайгашкан 8,5га жер аянтын жана “Шут чаты” участкасында жайгашкан № 36; 46 контурларынан 4,78га жер аянтын чакан ГЭС куруу үчүн ажыратып берүүгө уруксат берилсин.

2. Ажыратылган жерлердин чек арасын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Ш. Шерматовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышы жана финансалык келишимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышы айыл өкмөттүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Ашимов
