Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ноокат шаардык кеңешинин Ноокат шаардык мэриясынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана 2026-2027-2028-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин VII-чакырылышынын 5-сессиясы
2025-жылдын 17-январы №1 Ноокат шаардык мэриясынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана 2026-2027-2028-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын 2023-жылга шаардык бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин жана 2025-2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Ноокат шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылдагы шаардык бюджеттин бекитилген киреше бөлүгү, такталган планы аткарылышы же кирешенин аткарылгандыгы № 1,2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
2.2025-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар аныкталсын. Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3.Ноокат шаардык мэриясынын 2026-2027-2028-жылдарга шаардык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2026-2027-2028-жылдарга белгиленсин.
Ноокат шаардык мэриясынын 2025-2026-жылдарга шаардык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча акча бөлүгү толугу менен шаардык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январы ПЖ №1 жарлыгына негиз транспорт жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй алууларына байланыштуу транспорт каражаттарына мүлк салыгына коюлган план киреше 0% болуп бекитилсин.
6.Патент жоюлгандыктан жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларына байланыштуу “Ыктыярдуу патент салыгы” 5000, 0 сомго бекитилсин.
7.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М.Эгембердиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.