Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Памир-Алай айылдык кеңешинин Памир¬-Алай айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак участкасынан көмүр казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу үчүн “Ибраимов Кеңешбек Ашимович” жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу жер тилкесин берүү жөнүндө токтому
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №10-4 Памир¬-Алай айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак участкасынан көмүр казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу үчүн “Ибраимов Кеңешбек Ашимович” жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу жер тилкесин берүү жөнүндө Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине караштуу Кызыл-Булак участкасынан көмүр казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу үчүн №4553 СE лицензиясынын негизинде “Ибраимов Кеңешбек Ашимович” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 28-1-статьясы жана 28-2-статьясынын негизинде Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине караштуу Кызыл-Булак участкасынан көмүр казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу үчүн №4553 СE лицензиясынын негизинде “Ибраимов Кеңешбек Ашимович” жоопкерчилиги чектелген коомуна 10-жылдык мөөнөт менен 19,55 га отвал, 9,55 га көмүр сактоочу жай (база) үчүн 0,43 га жолго жалпысы 29,5 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл чарба жерлерин, айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы №1 токтомунун ылайык төлөө жагы “Ибраимов Кеңешбек Ашимович” жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.А.Анарбаевге тапшырылсын.
Төрага
Н.Койчуман уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.