# Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №12 Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №12 Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12
- Дата принятия: 29.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037728>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49194/edition/43957/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №12 Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому (ред. от 29.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037728

---

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын ТОКТОМУ

29.01.2025 № 12

Кара-Мык айылы

Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Күнгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Тѳрага

Мурзапар уулу Н.
