# Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №7 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтом

- Полное наименование: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №7 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтом
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 15.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037722>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49189/edition/43952/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №7 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтом (ред. от 15.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037722

---

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын ТОКТОМУ

15.01.2025 № 7

Кара-Мык айылы

Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Шоро участкасынан жайыт эсебиндеги 20,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “ сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шоро участкасынан жайыт эсебиндеги 20,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Тѳрага

Мурзапар уулу Н.
