# Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №5 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 49 контурундагы 2.50 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №5 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 49 контурундагы 2.50 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 15.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037720>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49187/edition/43950/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №5 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 49 контурундагы 2.50 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому (ред. от 15.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037720

---

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын ТОКТОМУ

15.01.2025 № 5

Кара-Мык айылы

Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 49 контурундагы 2.50 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун № 01-2/ 1507 20.12.2024-жылдагы, № 49 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу № 49 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Тѳрага

Мурзапар уулу Н.
