Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Культцентрден Кожо-Келен айылына чейинки ысым ыйгарылган көчөгө өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясы
2024-жылдын 08-майы № 1
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Культцентрден Кожо-Келен
айылына чейинки ысым ыйгарылган көчөгө өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө Жобону талаптырына ылайык. Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 7-июлундагы кезектеги XX сессиясындагы №X токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргы Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы №488, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрдагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Культцентрден Жолчулар көпүрөсүнө чейин Кара-Гур айылынын элдеринин нааразычылыгы эске алынып, Кара-Гур көчөсү боюнча калтырылсын.
2. Жолчулар көпүрөсүнөн Кожо-Келен айылындагы №1-үйгө чейин жана Кожо-Келен айылынын Тескей жагындагы жолдон №1-үйдөн 28-үйгө чейин Меңдибаев Бакир көчөсү боюнча калтырылып, Ысым берүү боюнча Кожо-Келен айылынын жашоочуларынын протоколу бекитилсин.
3. Жолчулар көпүрөсүнөн Кожо-Келен айылындагы №1-үйгө чейин жана Кожо-Келен айылынын Тескей жагындагы жолго да ат коюлган. №1-үйдөн №28-үйгө чейин маркум Меңдибаев Бакирдин үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөлөрдүн ар кандай социалдык маселелер (жол тегиздөө, жарык орнотуу, көпүрө, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө, объектилерге катар номерлерди илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.
Төрага:
Т.Тагаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Утратил силу
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.