# Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №27-2 Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому

- Полное наименование: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №27-2 Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27-2
- Дата принятия: 21.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037673>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49142/edition/43905/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №27-2 Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу токтому (ред. от 21.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037673

---

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы

2025-жылдын 21-майы №27-2

Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүнүн коэфициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага

О.С. Абдырахманов
