# Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-январындагы №24-5 Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө токтом

- Полное наименование: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-январындагы №24-5 Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө токтом
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24-5
- Дата принятия: 13.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037647>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49116/edition/43879/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-январындагы №24-5 Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө токтом (ред. от 13.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037647

---

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2025-жылдын 13-январы №24-5

Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Кеңеш айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен бир бала үчүн бир күнүнө 10 сомдон акча карап берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 11-августундагы №179-мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 2-пункчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен бир бала үчүн бир күнүнө 10 сомдон акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Ажыратылган акча каражатын таап каржылоо жагы айыл өкмөтүнө жана ФЭБнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Төрага

О.С. Абдырахманов
