# Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-апрелиндеги №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-апрелиндеги №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27
- Дата принятия: 27.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037287>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48784/edition/43537/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-апрелиндеги №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому (ред. от 27.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037287

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

2025-жылдын 27-апрели №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө Жекенди айылдык аймагындагы № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы 7,18 га, № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы 21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы 1,12 га, жалпы 30 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айылдык аймагындагы № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы 7,18 га, № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы 21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы 1,12 га, жалпы 30 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Төрага

Н.Мурзапар уулу
