Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Гүлчө айыл аймагынын 30.11.2024 -жыл №1/4 Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү №66/1 жайгашкан №7 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңыдан откана салуу жана жылытуу системасынын эскилиги жеткендигине байланыштуу, оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө токтому
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму ТОКТОМУ
30.11.2024 -жыл. № 1/4
Гүлчө айылы Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү №66/1 жайгашкан №7 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңыдан откана салуу жана жылытуу системасынын эскилиги жеткендигине байланыштуу, оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү №66/1 жайгашкан №7 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңыдан откана салуу жана жылытуу системасынын эскилиги жеткендигине байланыштуу, оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Гүлчө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү №66/1 жайгашкан №7 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңыдан откана салуу жана жылытуу системасынын эскилиги жеткендигине байланыштуу, оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн жалпы 4 023 977 ( төрт миллион жыйырма үч миң тогуз жүз жетимиш жети) сом акча каражаты талап кылынат, анын ичинен 25,4% 1 023 977 (бир миллион жыйырма үч миң тогуз жүз жетимиш жети ) сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2. Ал эми калган 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылоого сунушталсын
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Самиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · Утратил силу