# Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16
- Дата принятия: 27.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037227>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48727/edition/43481/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому (ред. от 27.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037227

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы

2025-жылдын 27-февралы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун № 01-2/ 1507 20.12.2024-жылдагы, № 1467 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы токтом кылат:

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу № 1467 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Төрага

Н.Мурзапар уулу
