Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жекенди айылдык кеңешинин Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы №16 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун № 01-2/ 1507 20.12.2024-жылдагы, № 1467 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу № 1467 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага
Н.Мурзапар уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.