# Мырза-Аке айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-марты № 29 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Мырза-Аке айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-марты № 29 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29
- Дата принятия: 17.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037186>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48687/edition/43440/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мырза-Аке айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-марты № 29 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 17.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037186

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз V сессиясы

2025-жылдын 17-марты № 29

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомостволорунун райондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык,Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат,

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомостволорунун райондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндо”Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык,Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдогон(пландаштырылган)34 (отуз төрт млн сом киреше салыгынын30 пайызын түзгөн 10(он) млн сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттиксубсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Г.Жороева
