Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин Ынтымак айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу, Учкун участкаларындагы жайгашкан жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2024-жылдын 15-майы, № 9/5 Ынтымак айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу, Учкун участкаларындагы жайгашкан жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Б.Асановдун Куршап дарыясынын Ынтымак айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу (эски), Учкун участкаларынан 2.10 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун, алдын ала берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы №6 мыйзамынын 1-беренесинин 8,4-пунктарына таянып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб дарыясынын Ынтымак айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу (эски), Учкун участкаларындагы контурлардан камталган жерлер (запастагы жерлер) категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына төмөндөгү контурдагы жерлерге;
№ 314 контурдан таш жалпы аянты 1,88 га, ээлеген аянты 0.25га № 1571¹контурдан Куршаб сай жалпы аянты 0,80 га,ээлеген аянты 0.36 га № 1594¹ контурдан Куршаб сай жалпы аянты 4,26 га,ээлеген аянты 0.20 га № 305 контурдан бадалдуу жайыт жалпы аянты 6,54 га,ээлеген аянты 0.22 га № 308а контурдан бадалдуу жайыт жалпы аянты 3.84 га,ээлеген аянты 0.16 га № 397 контурдан бадал жалпы аянты 36,1 га, ээлеген аянты 0,02 га № 306 контурдан Куршаб сай жалпы аянты 1,33 га,ээлеген аянты 0,41 га № 306 контурдан Куршаб сай жалпы аянты 4,30 га, ээлеген аянты 0,31 га № 397а контурдан бадал жалпы аянты 11,30 га, ээлеген аянты 0,17 га
Жалпы: 2.10га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Б.Асановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өндүрүштүү көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
төрага
Р.Эрмекбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.