Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө токтому
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз III-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 3/5
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 буйругунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын Аксакалдар сотунун регламенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы А.Бакашовага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Э.Үркүнов) тапшырылсын.
Төрага:
К.Т.Кийизбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.