Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү токтому
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз III-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 3/3
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы №772 токтомуна ылайык, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү боюнча Ой-Тал айыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы №772 токтомуна ылайык, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестри 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Жобону ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Абдилазиз уулуна милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Э.Үркүнов) тапшырылсын.
Төрага:
К.Т.Кийизбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.