Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 05.12.2025 №11/3 Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешини ТОКТОМ
05.12.2025 -жыл. № 11/3
Отуз-Адыр айылы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №597 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34- беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Отуз-Адыр айылындагы 0,30га сугат жер аянтын өнөр жайынын,транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу максатында мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ынтыммак айылындагы №933 контурундагы жалпы аянты 0,36га анын ичинен суралган 0,05га өнөр жайынын,транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылындагы №53 контурундагы 2,76га жайыт жер аянтын мал чарба куруу максатында мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
4. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылындагы №71 контурундагы 0,40га жер аянтын мал чарбачылык кылуу максатында мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин
5. Курбан-Кара-айылындагы №65 контурундагы 1,49 га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга жана жайыт категория багытынан өндүрүштүк ишкана куруу максатында өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
6. Курбан-Кара айылында жайгашкан №1153 контурундагы 0,,15га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга жана жайыт категория багытынан өндүрүштүк ишкана куруу максатында өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин
7. Курбан-Кара айылында жайгашкан №1153 контурундагы 0,65га жер аянтын айыл чарба багытынан өздөщтүрүүгө макулдук берилсин.
8. Сары-Колот айылынын №981 контурундагы 0,60га жер аянтын бала бакча куруу, мамлекеттик менчикке алууга жана айыл чарба категория багытынан социалдык, калктуу конуш категория багытына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эшиевке жүктөлсүн.
10 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Н.Жусупов).
Төрага
Д.Атанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.