Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Тоо айылдык кеңештин 12.12.2025 №4 Айыл аймагынын Кайрагач айылындагы №734 контурда жайгашкан 0,50 га жайыт жер тилкесине суу кампа курууга макулдук берүү жөнүндө токтому
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз он төртүнчү сессиясынын ТОКТОМУ
12.12.2025-жыл. № 4
Кашкар-Кыштак айылы Айыл аймагынын Кайрагач айылындагы №734 контурда жайгашкан 0,50 га жайыт жер тилкесине суу кампа курууга макулдук берүү жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин 2025-жылдын 11-декабрындагы №729 сунуш каты менен Кайрагач айылындагы №734 контурда жайгашкан 0,50 га жайыт жер тилкесине элдерди таза суу менен камсыз кылуу максатында суу кампа курууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомунун негизинде айылдык кеңештин сессиясы Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылындагы №734 контурда жайгашкан 0,50 га жайыт жер тилкесине суу кампа курууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы
Ф.Юсупов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.