# Памир-Алай айылдык Кеңешинин 03.12.2025 №36 Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырымдык жолду муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Памир-Алай айылдык Кеңешинин 03.12.2025 №36 Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырымдык жолду муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 36
- Дата принятия: 03.12.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037058>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48569/edition/43321/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Памир-Алай айылдык Кеңешинин 03.12.2025 №36 Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырымдык жолду муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү жөнүндө токтому (ред. от 03.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037058

---

Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 18-отурумунун ТОКТОМУ

15.10.2025-жыл. № 36

Сары-Таш айылы Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырымдык жолду муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы №503-т тескемесин, 2021-жылдын 1-июлундагы №55 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 11-августундагы №233 буйругун жетекчиликке алып, Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырым болгон жолду, муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү максатында Памир-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Талды-Суу айылына баруучу узундугу 2,7 км, туурасы 32 метр болгон жол муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүлсүн.

2. Жолдун ортосундагы белгиленген сызыктан (ось) оң тарабы 16 метр, сол тарабы 16 метр болуп, жалпы туурасы 32 метр экени такталып, тиешелүү нормаларга ылайык бекитилсин.

3.Жолдун категориясы өзгөртүлгөнү менен, анын техникалык категориясы мыйзамга ылайык сакталсын жана талаптарга ылайык пайдаланылсын.

4.Жолду өткөрүү боюнча мыйзам чегиндеги бардык иштерди жүргүзүү —

талап кылынган тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, ченемдик-техникалык документтерди топтоо жана өткөрүп берүү иштери Памир-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жүктөлсүн.

6.Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

Тѳрага

Н. Айтмаматов
