Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Памир-Алай айылдык Кеңешинин 03.12.2025 №36 Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырымдык жолду муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү жөнүндө токтому
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 18-отурумунун ТОКТОМУ
15.10.2025-жыл. № 36
Сары-Таш айылы Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырымдык жолду муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы №503-т тескемесин, 2021-жылдын 1-июлундагы №55 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 11-августундагы №233 буйругун жетекчиликке алып, Талды-Суу айылына баруучу 2,7 чакырым болгон жолду, муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү максатында Памир-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Талды-Суу айылына баруучу узундугу 2,7 км, туурасы 32 метр болгон жол муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүлсүн.
2. Жолдун ортосундагы белгиленген сызыктан (ось) оң тарабы 16 метр, сол тарабы 16 метр болуп, жалпы туурасы 32 метр экени такталып, тиешелүү нормаларга ылайык бекитилсин.
3.Жолдун категориясы өзгөртүлгөнү менен, анын техникалык категориясы мыйзамга ылайык сакталсын жана талаптарга ылайык пайдаланылсын.
4.Жолду өткөрүү боюнча мыйзам чегиндеги бардык иштерди жүргүзүү —
талап кылынган тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, ченемдик-техникалык документтерди топтоо жана өткөрүп берүү иштери Памир-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жүктөлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Тѳрага
Н. Айтмаматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 1 июля 2021 года № 55 "О Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики"Постановление · 01.07.2021 · № 55