# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 66 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 66 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 66
- Дата принятия: 08.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230037016>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48529/edition/43280/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 66 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому (ред. от 08.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230037016

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2025-жылдын 8-сентябры № 66

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-38/082 жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 04- сентябрындагы № 01-14/ 312 каттарын аткаруу максатында, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,

1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын талаптары так жана үзгүлтүксүз аткарылышы камсыздалсын.

2. Салтанаттуу иш-чаралар, коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген 22:00 дөн кийинки тынчтык режимин бузбоо менен уюштурулушу көзөмөлгө алынсын.

3. Айылдык кеңештин токтомуна көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн РИИБ нөн суралсын.

4. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.

5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.

Төрага

К. С. Мусаев
