Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 66
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-38/082 жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 04- сентябрындагы № 01-14/ 312 каттарын аткаруу максатында, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын талаптары так жана үзгүлтүксүз аткарылышы камсыздалсын.
2. Салтанаттуу иш-чаралар, коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген 22:00 дөн кийинки тынчтык режимин бузбоо менен уюштурулушу көзөмөлгө алынсын.
3. Айылдык кеңештин токтомуна көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн РИИБ нөн суралсын.
4. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага
К. С. Мусаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О тишине»Закон · 06.12.2024 · № 194