# Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы, №4/11, Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы, №4/11, Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/11
- Дата принятия: 26.07.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.07.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036989>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48512/edition/43260/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.07.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы, №4/11, Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 26.07.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036989

---

КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму 2024-жылдын 26-июлу № 4/11

Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 сандуу токтомунун талаптарына жана Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынн протоколундагы Муратов Кенже деп атын коюу жөнүндөгү №1 протоколунуннегизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынн протоколу бекитилсин.

2. Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро төртүнчү көчөсү Муратов Кенже атындагы көчөсү болуп аталсын.

3. Көчөнүн аталышын жазуу, жарыктандырылышы, иретке келтирилиши Муратов Кенженин уулдарына тапшырылсын.

4. Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

Төрайым:

З. Д. Абдыкадырова
