Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29 -декабрындагы № 735 токтомун аткаруу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасын» түзүү жөнүндө токтому
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8- отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/3 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29 -декабрындагы № 735 токтомун аткаруу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасын» түзүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 8-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 – беренесинин 5 – пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29 -декабрындагы № 735 токтомуна ылайык Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасы» болуп түзүлсүн.
2. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасына» тиешелүү жайыт жерлери аныкталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
А.Б. Самиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2023 года № 735 "О порядке предоставления права управления и пользования государственными пастбищными угодьями органами местного…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Утратил силу