Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңешинин Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын салык мезгилдеринде пайдалануу үчүн турак жай имараттары жана жайларына 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бектитүү жөнүндө токтому
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 18 Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын салык мезгилдеринде пайдалануу үчүн турак жай имараттары жана жайларына 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бектитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2025-жылды 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салык Кодексинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, 2025-жылды 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде турак жай мүлк салыгын эсептөө жүргүзүү 8,5 сом болуп бекитилсин.
3.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында турак жай имараттары жана жайларынын жер салыктарын эсептөө үчүн К3-зоналдык коэффициенти 1 жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн К3-зоналдык коэффициенти 1.0 болуп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
5. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктунун 8 пунктчасына жана 39-берененин 5пунктуна ылайык Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январында кабыл алынган № 9 сандуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6.Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, эконимика, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага:
Н.Турсуналы уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.