Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңешинин Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө токтому
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы
2025-жылдын 03-октябры № 42 Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 5 протоколунун негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин” 115-беренесине ылайык, Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнө 2025-жылга төмөндөгү салыктык эмес кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын:
(миң сом)
К/н
Берененин аталышы
берене
2025-жыл
Баары
3-квартал
4-квартал
( + )
( + )
1
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү
14232400
1900,0
1150,0
750,0
2.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасынын атайын каражаттар эсебинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү беренелердин планга өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын:
К/н
Берененин аталышы
берене
2025-жыл
Баары
3-квартал
4-квартал
( + )
( + )
1
Тамак-аш азыктарын алуу (атайын каражат)
2218
1900,0
1150,0
750,0
3.Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзам чегинде, максаттуу жумшоо айыл өкмөт башчысы М.Турганбаевге жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Карыбековго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Н.Турсуналы уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.