# Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-августундагы №2/6 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-августундагы №2/6 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/6
- Дата принятия: 09.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036758>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48303/edition/43034/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-августундагы №2/6 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 09.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036758

---

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 2-сессиясы

2024-жылдын 9-августу №2/6 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 «Жергиликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби» жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорун Ылай-Талаа айыл аймагында ишке ашыруу максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 «Жергиликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби» жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планы бекитилсин.

2. “Салаа-Таш” кичи коругунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча түзүлгөн иш план Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүктүрүү планына (ПСЭР) киргизилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Орчун” коомдук бирикмесинин жана “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун башчысы А.Чатаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Арзиев) тапшырылсын.

Төрага

А.Кадыркулов
