Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Тилектеш айылдык кеңешинин 2024 жылдын 05-декабрында, №2/5, Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан -Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө токтому
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы 2024-жылдын 05-декабры № 2/5
Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан -Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 5 935 533 (беш миллион тогуз жүз отуз беш миң беш жүз отуз үч) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 2 935 533 (эки миллион тогуз жүз отуз беш миң беш жүз отуз үч) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага:
К. Төрөшев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · Утратил силу