# Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 01-июлу № 9/12 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө токтому

- Полное наименование: Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 01-июлу № 9/12 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9/12
- Дата принятия: 01.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036453>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-48021/edition/42739/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 01-июлу № 9/12 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө токтому (ред. от 01.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036453

---

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму

2025-жылдын 01-июлу № 9/12

Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасы 1969-жылдан бери эскилиги жеткенине байланыштуу, аны жаңылоо боюнча маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-5-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын 1969-жылдан бери эскилиги жеткенине байланыштуу алмаштыруу үчүн теңдештирүүчү грантка сунуштоого макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдогу долбоорду даярдоодогу өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты карап берилсин.

3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде максаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А.Б. Самиев
