Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Гүлчө айылдык кеңешинин Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө токтому
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/12
Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 1969-жылдан бери эскилиги жетип, талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу, жылуулук системасын кайрадан жаңылоо боюнча теңдештирүүчү грантка сунуштоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасы 1969-жылдан бери эскилиги жеткенине байланыштуу, аны жаңылоо боюнча маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-5-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын 1969-жылдан бери эскилиги жеткенине байланыштуу алмаштыруу үчүн теңдештирүүчү грантка сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдогу долбоорду даярдоодогу өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты карап берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде максаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
А.Б. Самиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · Утратил силу