# Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябры № 24 Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябры № 24 Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24
- Дата принятия: 05.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036371>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47955/edition/42666/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябры № 24 Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө токтому (ред. от 05.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036371

---

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VI отуруму

2025-жылдын 5-сентябры № 24

Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктунда пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттеринде каралган киреше салыгынын 30% ды райондук өнүктүрүү фондорунун эсебине чегерүү жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик дотация катары пайдаланууга уруксат берилген 9621,9 сом акча каражаттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого макулдук берүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VI кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бекитилген 32073,3 миң

сом киреше салыгынын 30% дык өлчөмүндөгү 9621,9 сом акча каражаты төмөндөгү долбоорлорду каржылоого макулдук берилсин: -С.Алапаков көчөсүнө асфальт басууга – 7242,6 сом -С.Жээнчороев көчөсүнө мамычаларын, зым А-35 чубалгыларын сатып алуу жана жарыктандыруу долбооруна – 1775,5 сом -Манас көчөсүнө 140 метр латок орнотуу – 450,5 сом -Ленин №5 орто мектебинин ажаатканасынын курулушуна өздүк салым 357196сом -Т. Абылкасымов атындагы маданият үйүнө отургучтарды сатып алууга 89347 сом -А.Камчыбеков көчөсүнө тротуар, вело жол асфальт жасоо долбооруна өздүк салым 427536 сом

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Атчабаров Н.
