Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Куршаб айылдык кеңешинин Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө токтому
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VI отуруму
2025-жылдын 5-сентябры № 24
Райондук өнүктүрүү фондунун акча каражатттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого уруксат берүү жөнүндө
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктунда пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттеринде каралган киреше салыгынын 30% ды райондук өнүктүрүү фондорунун эсебине чегерүү жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик дотация катары пайдаланууга уруксат берилген 9621,9 сом акча каражаттын Куршаб айыл өкмөтүнүн иш планына киргизилген долбоорлорун каржылоого макулдук берүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VI кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бекитилген 32073,3 миң
сом киреше салыгынын 30% дык өлчөмүндөгү 9621,9 сом акча каражаты төмөндөгү долбоорлорду каржылоого макулдук берилсин: -С.Алапаков көчөсүнө асфальт басууга – 7242,6 сом -С.Жээнчороев көчөсүнө мамычаларын, зым А-35 чубалгыларын сатып алуу жана жарыктандыруу долбооруна – 1775,5 сом -Манас көчөсүнө 140 метр латок орнотуу – 450,5 сом -Ленин №5 орто мектебинин ажаатканасынын курулушуна өздүк салым 357196сом -Т. Абылкасымов атындагы маданият үйүнө отургучтарды сатып алууга 89347 сом -А.Камчыбеков көчөсүнө тротуар, вело жол асфальт жасоо долбооруна өздүк салым 427536 сом
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Атчабаров Н.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 декабря 2024 года № 821 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О пилотном проекте по передаче районных/региональных…Постановление · 31.12.2024 · № 821 · Утратил силу