# Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 91 "Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылындагы Балык чарбасынын карамагындагы бала бакчаны Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 91 "Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылындагы Балык чарбасынын карамагындагы бала бакчаны Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 91
- Дата принятия: 27.11.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.11.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036357>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47944/edition/42654/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.11.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 91 "Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылындагы Балык чарбасынын карамагындагы бала бакчаны Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө" токтому (ред. от 27.11.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036357

---

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХХI-сессиясы

2023-жылдын 27-ноябрындагы № 91

Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылындагы Балык чарбасынын карамагындагы бала бакчаны Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылындагы Балык чарбасынын карамагындагы бала бакчаны Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууну Дөң-Булак айылдык кеңешин туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кылат:

1. Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылындагы Балык чарбасынын карамагындагы бала бакчаны, 200 орундуу азыркы учурдун шарттарына ылайык бала бакча уюштуруу максатында, 6100 м.кв. чарчы метр жери менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Жер ресурстары кызматынын Өзгөн филиалынын, аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттоого алуу жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ө. Жусупов
