# Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №70 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Газ орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №70 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Газ орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 70
- Дата принятия: 22.12.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036336>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47923/edition/42633/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №70 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Газ орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому. (ред. от 22.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036336

---

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2025-жылы 22-декабры № 70 Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Газ орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомуну жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 39-беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, Газ орто мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы протоколун, Газ айылынын жергиликтүү тургундарынын 2025-жылдын 19-декабрындагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы токтом кылат:

1 Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги, билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон маркум, Ысманов Аширали Ысмановичтин ысымын Газ орто мектебине ыйгарууга макулдук берилсин. 2 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин. 3 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, жана токтомду ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. 4 Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. 5 Токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

Төрайым:

А. Матраимова
