# Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №69 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Кыштут орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №69 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Кыштут орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 69
- Дата принятия: 22.12.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036335>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47922/edition/42632/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №69 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Кыштут орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому. (ред. от 22.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036335

---

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2025-жылы 22-декабры № 69 Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Кыштут орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 39 беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, Кыштут орто мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы протоколун, Кыштут айылынын жергиликтүү тургундарынын 2025-жылдын 19-декабрындагы элдик чогулуштун протоколунун негизинде Алтын-Бешик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы токтом кылат:

1 Баткен районунун Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Кыштут айылындагы алгачы педегогикалык илимге ээ болгон, айылдын биринчи мугалими. Билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жана “Эмгек” ветераны медалынын ээси маркум Сайданов Убастын ысымын Кыштут орто мектебине ыйгарууга макулдук берилсин. 2 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдетендирилсин. 3 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомду ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. 4 Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. 5 Токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

Төрайым:

А. Матраимова
