# Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №49 “ Акча каражатын беренеден алып салуу менен кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №49 “ Акча каражатын беренеден алып салуу менен кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 49
- Дата принятия: 13.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036319>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47907/edition/42617/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №49 “ Акча каражатын беренеден алып салуу менен кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому (ред. от 13.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036319

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылдын 13-октябры № 49 “ Акча каражатын беренеден алып салуу менен кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 08-январндагы ПЖ №1 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 12-августундагы №15-1/21174 чыгыш сандуу каты,Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №2/1130 чыгыш сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.Айыл өкмөтүнүн кирешесине пландалган жергиликтүү бюджетине түшүүчү транспорт салыгынан 11312200 - 415,8 (төрт жүз он беш миң сегиз жүз ) сом,

айыл чарба багытындагы жер салыгынан 11321200 - 279,6 (эки жүз жетимиш тогуз миң алты жүз) сом,жалпы: 695,4(алты жүз токсон беш миң төрт жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине түшпөгөндүктөн,киреше планынан алынып салынып, башкаруу аппаратынын 3111 беренесинен кемитилгенге макулдук берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Саматов
