Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Суу айылдык кенешинин “ Акча каражатын беренеден алып салуу менен кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылдын 13-октябры № 49 “ Акча каражатын беренеден алып салуу менен кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 08-январндагы ПЖ №1 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 12-августундагы №15-1/21174 чыгыш сандуу каты,Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №2/1130 чыгыш сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн кирешесине пландалган жергиликтүү бюджетине түшүүчү транспорт салыгынан 11312200 - 415,8 (төрт жүз он беш миң сегиз жүз ) сом,
айыл чарба багытындагы жер салыгынан 11321200 - 279,6 (эки жүз жетимиш тогуз миң алты жүз) сом,жалпы: 695,4(алты жүз токсон беш миң төрт жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине түшпөгөндүктөн,киреше планынан алынып салынып, башкаруу аппаратынын 3111 беренесинен кемитилгенге макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Саматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.