# Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябюрындагы №48 “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү жерин, графигин белгилөө жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябюрындагы №48 “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү жерин, графигин белгилөө жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 48
- Дата принятия: 13.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036318>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47906/edition/42616/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябюрындагы №48 “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү жерин, графигин белгилөө жөнүндө” токтому (ред. от 13.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036318

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылдын 13-октябры № 48 “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү жерин, графигин белгилөө жөнүндө”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 01-октбрындагы №01-13/904 чыгыш сандуу катын аткарууга алып, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 01-октбрындагы №01-13/904 чыгыш сандуу катынын негизинде берген маалыматы көңүлгө алынсын.

2. “ Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыкка ылайык түзүлгөн Жалпы жобонун негизинде Ак-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистеринен төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлгөндүгү көрсөтүлсүн.

1.Саматов.А.Р.-Айылдык кеңештин депутаты.(Төрага)

2.Кадыров.Ж.-Айылдык кеңештин депутаты.

3.Рахманкулов.О.-Айылдык кеңештин депутаты.

4.Хайитов.И.-Жеңиш а/айыл башчысы.

5.Мовлонова.Л.- Айылдык кеңештин депутаты.

6.Нзырбаева.С.-Айылдык кеңештин депутаты.

7.Анаркулов.Ж..-Айылдык кеңештин депутаты.

3.Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чогулуштарды өткөрүү төмөнкүдөй жайда жана графикте өткөрүлсүн:

Жеңиш айылы. 2025-жыл 14-октябрь саат 11-00 дө. (Жеңиш чайканасында) Алга айылы. 2025-жыл 14-октябрь саат 14-00 дө. (Алга чайканасында) Жезкен айылы. 2025-жыл 14-октябрь Саат 16-00 дө. (Жезкен ФАП аянтында) Суу-Башы айылы. 2025-жыл 15-октябрь Саат 10-00 дө. (”Курулуш” о.м.алдында) Ак-Суу айылы. 2025-жыл 15-октябрь Саат 14-00 дө. (Ак-Суу маданият үйү)

4.Графикке ылайык,белгиленген чогулуш өтүүчү жайларда IV Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,делегаттарды шайлоону уюштуруу жумушчу топко жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.

Төрага

А. Саматов
