Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Суу айылдык кенешинин “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү жерин, графигин белгилөө жөнүндө” токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылдын 13-октябры № 48 “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү жерин, графигин белгилөө жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 01-октбрындагы №01-13/904 чыгыш сандуу катын аткарууга алып, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 01-октбрындагы №01-13/904 чыгыш сандуу катынын негизинде берген маалыматы көңүлгө алынсын.
2. “ Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыкка ылайык түзүлгөн Жалпы жобонун негизинде Ак-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистеринен төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлгөндүгү көрсөтүлсүн.
1.Саматов.А.Р.-Айылдык кеңештин депутаты.(Төрага)
2.Кадыров.Ж.-Айылдык кеңештин депутаты.
3.Рахманкулов.О.-Айылдык кеңештин депутаты.
4.Хайитов.И.-Жеңиш а/айыл башчысы.
5.Мовлонова.Л.- Айылдык кеңештин депутаты.
6.Нзырбаева.С.-Айылдык кеңештин депутаты.
7.Анаркулов.Ж..-Айылдык кеңештин депутаты.
3.Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чогулуштарды өткөрүү төмөнкүдөй жайда жана графикте өткөрүлсүн:
Жеңиш айылы. 2025-жыл 14-октябрь саат 11-00 дө. (Жеңиш чайканасында) Алга айылы. 2025-жыл 14-октябрь саат 14-00 дө. (Алга чайканасында) Жезкен айылы. 2025-жыл 14-октябрь Саат 16-00 дө. (Жезкен ФАП аянтында) Суу-Башы айылы. 2025-жыл 15-октябрь Саат 10-00 дө. (”Курулуш” о.м.алдында) Ак-Суу айылы. 2025-жыл 15-октябрь Саат 14-00 дө. (Ак-Суу маданият үйү)
4.Графикке ылайык,белгиленген чогулуш өтүүчү жайларда IV Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,делегаттарды шайлоону уюштуруу жумушчу топко жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Төрага
А. Саматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 22 сентября 2025 года № 270 «О проведении очередного IV Народного Курултая»Указ · 22.09.2025 · № 270 · Утратил силу