# Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 31-июлундагы №43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ” токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 31-июлундагы №43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 43
- Дата принятия: 31.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036313>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47901/edition/42611/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 31-июлундагы №43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ” токтому (ред. от 31.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036313

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V-сессиясы

2025-жылдын 31-июлу № 43 “ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ”

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө, айыл өкмөтүнүн бюджетиненен 110 000(жүз он миң) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл КЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

Төрага

А. Саматов
