Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кенешинин 2 «Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз1Х сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 01-5/53 Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө
Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлѳрдү ташууга тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 11-1 пунктун, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы №519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун Эрежелеринин 166 беренесин жетекчиликке алып Сүлүктү шаардык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
-Улууларга – 30 (отуз) сом -7 жаштан жогорку курактагы балдар үчүн 20 (жыйырма) сом.
2. Бул токтом расмий булактарга жарыялансын ( мэриянын жана шаардык кеӊештин расмий сайтында, шахтер жолу гезитинде).
3. Жооптуу катчы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областтык юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
4. Маршруттук каттамдардын техникалык, санитардык абалын талапка ылайык болуусун камсыз кылуу жагы “Тулпар” ЖЧКнун директору Т.Каюмовго милдеттендирилсин;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б.А.Абдуназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.