# Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 37 "Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак жана Өзгөрүш айылдарындагы №655 контурунан 0,10 га, №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 37 "Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак жана Өзгөрүш айылдарындагы №655 контурунан 0,10 га, №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 37
- Дата принятия: 19.09.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.09.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036135>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47754/edition/42418/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.09.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 37 "Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак жана Өзгөрүш айылдарындагы №655 контурунан 0,10 га, №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу жөнүндө" токтому (ред. от 19.09.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036135

---

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХII-сессиясы

2022-жылдын 19-сентябрындагы № 37

Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак жана Өзгөрүш айылдарындагы №655 контурунан 0,10 га, №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы №28-т тескемесине ылайык, Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак айылындагы №655 контурунан 0,10 га жана Өзгөрүш айылындагы №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу максатында, токтом кыламын:

1. Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак айылындагы №655 контурунан 0,10 га жана Өзгөрүш айылындагы №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол курууга 0,16 га ыңгайсыз жер аянтына макулдук берилсин.

2. Жер аянтын мамлекеттик актынын негизинде тактап, керектүү иш-кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан суралсын.

3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан сунуш кылынсын.

4. Керектүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап, бекитип берүү жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ө. Жусупов
