Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дөң-Булак айылдык кеңешинин «Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак жана Өзгөрүш айылдарындагы №655 контурунан 0,10 га, №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу жөнүндө» токтому
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХII-сессиясы
2022-жылдын 19-сентябрындагы № 37
Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак жана Өзгөрүш айылдарындагы №655 контурунан 0,10 га, №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы №28-т тескемесине ылайык, Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак айылындагы №655 контурунан 0,10 га жана Өзгөрүш айылындагы №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол куруу максатында, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак айылындагы №655 контурунан 0,10 га жана Өзгөрүш айылындагы №21 контурунан 0,06 га жер аянтына жылкыларды фиксациялоо үчүн раскол курууга 0,16 га ыңгайсыз жер аянтына макулдук берилсин.
2. Жер аянтын мамлекеттик актынын негизинде тактап, керектүү иш-кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан сунуш кылынсын.
4. Керектүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап, бекитип берүү жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ө. Жусупов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 27 января 2022 года № 28-р " об установлении цены за единицу чипов для лошадей"Постановление · 27.01.2022 · № 28-р